Республика аймагында өспүрүмөрдүн коопсуздугу үчүн “Абайлагыла балдар!” аталышындагы иш-чара өтүүдө

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуукүндөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын буйругунун негизиндереспублика аймагында 28-февралдан 14-март күнүнө чейин “Абайлагыла балдар!”аталышындагы иш-чараны өткөрүшүүдө.Жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүнкатышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында  республиканын булуң- бурчтарында жолкыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкамалыктары, бөлүмдөрү жана бөлүмчөлөрүнүнкызматкерлери тарабынан ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө. 9-март күнү Чүйоблусунун Аламүдүн, Москва райондорунун аймактарында мектептерде жол эрежелеринсактоо боюнча сабактарды өтүлдү. Ошону менен бирге райондор аймагындаавто-жүрүш өткөрүлдү. Жүрүштүн катышуучулары коомдук унаалардын акыркыаялдамаларына токтоп айдоочулар менен дагы түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүшүп,коомдук унааларга атайын стикерлерди чапташты.


12-март күнү Нарын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Нарын шаарынын мектептер арасында "Жол эрежелербуручу!" аталыштагы кароо-сынак өткөрүлдү. Сынакка Нарын шаарындагы 8 мектеп катышып, өзүлөрү жасаган жол кыймылынын эрежесине тиешелүү жолбелгилерин, сүрөттөрүн, плакаттарын, жасалма жол чырактарын жана жол чиймелеринкөргөзүштү. Сынактын жеңүүчүлөрү болуп 1-орунда №2 Чкалов атындагы мектепгимназиясы, 2-орунда №4 Э.Ибраев атындагы орто мектеп, 3-орунда №1 Т.Сатылгановатындагы орто мектептер аныкталды. Жеңишке жетишкен командалар  ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан мактообаракчалары менен сыйланышты.


Ошондойэле, Нарын ЖКККБнын тескөөчүлөрү, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү мененмектептердин алдыларында окуучулар мектепке келген жана кетип жаткан учурлардакызмат өтөп, балдардын жолдон өтүүсүн көзөмөлгө алышууда. 13-мартка чейинБаткен облусунун аймагында Лейлек районунун Исфана шаарынын Исфана ортомектебинде, Кулунду айылынын орто мектептеринде жана Сүлүктү шаарынын ортомектептеринде  Билим берүү мекемелеринин,Айыл өкмөттөрдүн, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда жаш өспүрүмдөрарасында “тегерек стол” өткөрүлдү.

Мындай иш-чараларЫссык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында, Бишкек жана Ошшаарында дагы өткөрүлүүдө.