ДКО өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун сактоо
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы милицияныны полковниги Джумагазиев Канат Сагынович көзөмөлү астында Ыссык-Көл облусунуа ДКО өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун сактоо үчүн келишти.
ЖКККББнын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун сактоого бардык күч аракетин жумшап, милдеттерин жана ишин так аткарганга басым жасалууда.
III- дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүдө жол тескөөчүлөр, 2-сентябрдан 8 сентябрга чейин Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда убактылуу күнү-түнү 9 блок пост иштеп, ЖКККББнын кызматкерлери тастыкталган унаа жолун көрсөтүп турушуат.
ЖКККББ эсекртет, Көчмөндөр оюнун өткөрүүдө атайын жарандарга жана келген коноктордун кайрылуусуна-1262 тынымсыз байланыш номурун чыгарылып,(чет элден келген конокторго атайын англис тилинде сүйлөгөн оператор каралган), жол коопсуздугу, өтүүчү жолдордун схемасы жана унаа токтотуучу жайлар тууралуу суроолоруңуз болсо байланыш номерине чалыңыздар.
Кыргызча
Орусча