ЖКККББ: Өлкө аймагында туристтик мезгилге байланыштуу жол эрежелерин эскерткен баннерлер орнотулууда.

ЖКККББ: Өлкө аймагында туристтик мезгилге байланыштуу жол эрежелерин эскерткен баннерлер орнотулууда.



Айдоочуларды ылдамдыкты ашырбай айдоого чакырган, ичип алып унаа башкарууга жол бербөөгө, өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл бурууга жана   жалпы жол кырсыктарын алдын алууга  ошондой эле туристтик мезгилге байланыштуу ЖКККББгы тарабынан өлкө аймагында  90 беннер, 66 LED экран  орнотулду. Көпчүлүгү атайын талдоонун негизинде жол кырсыгы көп катталган коопту аймактарга орнотулууда.

Алардын ичинен;

-Бишкек шаарында 16 баннер;

-Чүй облусунда  14 баннер, 5 LED экран;

-Ыссык-Көл облусунда 16 баннер;

-Нарын облусунда 11 баннер, 4 LED экран;

-Талас облусунда 2 баннер, 1 LED экран;

-Жалал-Абад облусунда 7 баннер, 2 LED экран;

-Ош облусунда 12 баннер 7 LED экран;

-Ош шаарында 46 LED экран; (42 кичи, 4 чоң)

-Баткен облусунда 12 баннер, 1 LED экран;

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  башкы башкармалыгы тарабынан туристтер үчүн  ишеним номурларын көрсөткөн эскертме буклеттери даярдалууда.


ЖКККББнын Басма сөз кызматы.