“Сиздер болгон үчүн-биз барбыз!”

“Сиздер болгон үчүн-биз барбыз!” 



ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Мироненко Николай Кузьмичти жана  Асек Урманбетовду милиция кызматкерлеринин атынан бүгүнкү 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, ден соолугунан кабар алды.


Анда ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Ж.М. Жоробеков ардагерлер бүгүнкү күндүн бейкуттугу жана тынчтыгы сиздердин Ата-Мекенди коргоодо  кошкон зор салымыңыздар жана  согуш жылдарында баатырларча кармашып,  каармандык көрсөтүүңүздөрдүн жыйынтыгы. Андыктан  сиздерге терең таазим этип, өсүп келе жаткан жаш муундарга сиздердин басып өткөн жолдоруңуздарды жана көрсөткөн эрдиктериңиздерди   үлгү көрсөтүп, мекенибизди коргоого жана аны сактоого шыктандырып айтып келээрин белгилеп, ардагерлерибизден өрнөк алуу, аларга терең урмат көрсөтүү жалпыбыздын атуулдук парзыбыз - деп өз ыраазычылыгын билдирди.


ЖКККББнын басма сөз кызматы