ЖКККББ: Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде 16 195 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан
2024-жылдын 1-январынан тартып,
7-январга чейин, алдын ала маалымат боюнча 16 195 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт
каражаттарын башкаруу-196 ;
-Мас абалында авто таранспорт
каражатын башкаруу -208;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-32;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-754 ;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2080;
-Авто ээнбаштык - 7;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3442;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 4;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9472;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1091 авто унаа убактылуу
токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол
кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
ЖКККББнын Басма сөз кызматы
Кыргызкий
Русский