ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жол эрежелери үйрөтүлүүдө.
ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жол эрежелери үйрөтүлүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы №69, ошондой эле, №26 окуу-тарбия комплекс-гимназияларына барып, жол коопсуздугу багытында атайын профилактикалык иш-чараларды өткөрүп келишти.
Анда, мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке чейинки аралыктын маршруттук чийинин, жол чырактардын, жөө өтмөктөрдүн, жол белгилеринин эрежелерин эскертишип, мектеп окуучуларынан суроо-жооп алышты.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы баардык орто мектептердин ар бирине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бирден бекитилип, мектеп окуучуларынын жол коопсузугун камсыздап келишүүдө.
ЖКККББнын басма сөз кызматы.
Кыргызкий
Русский