ЖКККББ: Бишкекте Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо-сынагы өткөрүлдү.

ЖКККББ: Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо сынагы өткөрүлдү. Өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана жалпы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакыруу максатында мектеп окуучуларынан куралган Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кароо сынагы жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл, Республиканын баардык аймактарынан 9 команда катышты. Аймактардагы райондук деңгээлде утуп келген командалар өздөрүнүн Республикалык деңгээлде 8 номинацияда ат салышып, төмөкү орундарга ээ болушту. -Биринчи орунга Чүй облусунун атынан “Жезл” командасы жеңишке жетишкен. -Экинчи орунга Ыссык-Көл облусунун атынан “Клаксон” командасы жетишкен. -Үчүнчү орунга Баткен облусунун атынан “Светофор” командасы жеңишке жетишкен. Ал эми башкы “Гран-прини” Нарын облусунун атынан “Светофор” командасы утушту. Жеңишке жетишкен жалпы командага жана активдүү катышуучуларына КР ИИММдин ЖКККББнын жана КР Илим жана Билим министрлигинин атынан баалуу белектер тапшырылды. ЖКККББнын басма сөз кызматы.