Өзгөртүлгөн айып пулдардын жаңы түрлөрү.

(Без.прав уп.) 184-берененин 2-бөлүмү. Унаа башкарууга укугу жок жаран рулга отурса — мурда 5500 сом болчу, эми 15 000 сом (70% скидка жок);

(скорость) 187-берененин 3-бөлүгү.  Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 40-60 чакырым/сааттан ашса — мурда 5 500, эми 7 500 сом (70% скидка жок);

(скорость) 187-берененин 4-бөлүгү. Белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса — мурда 7 500, эми 15 000 сом (70% скидка жок);

(Светофор) 188-берененин 3-бөлүгү. Жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө — мурда 3 000, эми 5 500 сом (70% скидка бар);

(Обгон по встречке) 188-берененин 5-бөлүгү. Каршы тилкеге чыгып оозуп кетүү, айдоо — мурда 5500 сом, эми 15 000 сом (70% скидка бар);

(Автохулиганство) 189-берене. Автобейбаштыгы — мурда 7 500, азыр 15 000 сом (70% скидка жок). Эреже бир жылдын ичинде кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;

(ДТП) 192-берененин 4-бөлүгү. Айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу;

(НС) 193-берене мас абалында унаа башкаруу 17 500 сом болсо, эми  1-жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

(Отстранение от уп. ТС) 38-1-беренеси.  Бир жыл ичинде үч же андан көп одоно жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат;

(Отстранение от уп. ТС) 38-берененин 8-бөлүгү. Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат;

(Подложка) 449-берене. Жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 15 000 болсо, мындан ары 20 миң сом (70% скидка жок), кайталап мыйзам бузса, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.