ЖКККББ: Кудайберген базарынын айланасы тазаланууда.

Кудайберген базарынын айланасы  унаалардын туура эмес жерге токтотулуп, жол эрежелери эң көп бузулган жерлердин бири.  Айрыкча  ошол базардагы  Патриса Лумумбы  көчөсүндөгү аялдаманы  ошол жердеги жумушчулар “вулканизация”, “СТО”  кылып алышкан.

Бүгүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ошолордун баарын тазалап, туура эмес токтогон унааларга тийиштүү протоколдорду түзүштү.

Мындан ары ошол аймак жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын көзөмөлүндө болот.



ЖКККББнын басма сөз кызматы.