Айып пулдар көтөрүлгөндөн тартып, каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочулардын саны азайууда.

Буга чейин кээ бир айдоочулар адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп, каршы тилкеге чыгуу менен жол эрежелерин одоно бузган учурлар көп катталып келсе, акыркы күндөрү мындай көрүнүштөр азайып жаткандыгы байкалууда. 

Анын себеби мурда каршы тилкеге чыгып айдагандар үчүн жоопкерчилик 5500 сом болсо, жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, 15 000 сомго жогорулагандыгы себеп болууда. 


Ошондуктан айдоочулар жоопкерчиликтен коркуп, жол эрежелерин так сактоого аракет кылууда. 


Жаңы киргизилген жол эрежелери үчүн жоопкерчиликтин катаал шарттарына ылайык, жол эреже бузуулардын баардык түрү азайууда. 



ЖКККББнын басма сөз кызматы.