Жарнама тактасы» аталышында Республикалык рейд өткөрүлуп, 162 миң сомго айып салынды.

КР ИИМдин ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү   жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын, паннолорду, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, афишаларды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башкп өз билемдик менен орнотуп алган фактыларын аныктоо максатында,  атайын республиканын аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүп, эки күн ичинде  «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына туура келбеген 199  мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды  аныкташып, жалпы суммасы 162 000 сомго айып салышты


Мындай көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаралар мындан арыда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан улантылат.