Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнө карата ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 2022-жылдын 15-октябрында “Таза Мурас” улуттук компаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында Улуттук тазалык күнүн өткөрүү боюнча бөлүктөрдүн аймагынын айланасын жана ага чектеш аймакты тазалоо, ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар уюштурулду. Күндүн биринчи жарымында ишембиликке Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККБББнын аппаратынын жана адистештирилген ротасынын кызматкерлери активдүү катышып, башкача айтканда, кызматтык формасын жумушчу кийимге алмаштырып, имараттын айланасын тазалоого чыгышты. 
Бир нече сааттын ичинде кызматкерлер аймакты иретке келтирип, тазалоо иштеринин алкагында аймакты таштандылардан тазалоо, бак-дарактарды актоо, тротуарларды жана арык тармактарын тазалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
Кызматкерлер ар дайым тазалыкты жана тартипти сакташат, ошондой эле, бардык жарандарды бул акцияга активдүү катышууга, жалпы республика боюнча көчөлөрдү, айылдарды, райондорду жана облустарды биргелешип тазалоого чакыргыбыз келет.