15-октябрдан тартып Бишкек-Ош жолунда өзгөчө кичинекей кубаттуулугу (16 орунга чейин) автобустар, ошондой эле кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат.

15-октябрдан тартып Бишкек-Ош жолунда өзгөчө кичинекей кубаттуулугу (16 орунга чейин) автобустар, ошондой эле кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат.

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 334-р токтомунун талаптарын аткаруу максатында, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында 2022-жылдын 15-октябрынан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек-Ош автожолу боюнча жүргүнчүлөрдү бардык дөңгөлөктүү механизми бар автобустардан тышкары өзгөчө кичинекей кубаттуулугу (16 орунга чейин) автобустар менен ташууга тыюу салынат. Чүй облусунун Жайыл районунун Сосоновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо жүргүнчүлөрдү бардык дөңгөлөктүү механизми бар автобустардан тышкары өзгөчө кичинекей кубаттуулугу (16 орунга чейин) автобустар жана кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган минивэндер менен ташуу фактыларынын алдын алуу иштери күчөтүлөт.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган унаалардын айдоочуларын Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыгуудан алыс болууга чакырат. Жол эрежелерин так сактаңыз, ашуулардан түшүүдө жана көтөрүлүүдө өзгөчө этият болуңуз.