Бишкек-Ош жолу жүк ташуучу автоунааларга убактылуу жабылат

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына  ылайык, 2021-жылдын 16-мартынан 18-мартына чейин "Бишкек-Ош" унаа жолунун тоолуу аймактарында Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, кар жаашы күтүлөт. Жол кырсыктарын алдын алуу, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык зыян келтирилген жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт, ага байланыштуу 2021-жылдын 17-март күнү эртең мененки саат 06.00дөн, кечки саат 22.00гө чейин "Бишкек - ​​Ош" унаа жолунун аталган бөлүгүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа сүйүучүлөрдөн жана оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган кыймылын кийинкиге калтырууну суранат.