Республиканын бардык аймактындагы Кыргыз Ресупбликасынын ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери ишенбилике чыгышты


16 мартта Кыргыз Республикасынын ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн  шаар жана облустарынын кызматкерлери ишенбилике чыгышты. 
 Миңден ашык кызматкер ишенбилике катышууда.
 Ишенбилик республканын бардык шаарларында  облустарында жана райондорунда  өтүүдө. Кызматкерлер бул демилгени колдоп ишенбиликте жалбырактарды, таштандыларды жана бак-тарактардын калдыктарын чогултуп жыйноодо. 
 Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчынын орун басары Ы.Сарыкулов “Мыкты команда жана коллектив ынтымактуу. Сулуулук биздин колубузда, биз ар дайым сулуулукту жана тазалыкты сакташыбыз керек!”- деп белгилей кетти. 
 Өзгөчө кыш мезгилинде арыктарга жана газондорго таштанды коп топтолгон жерлегре көңүл бурулду.  Ишенбиликтин жыйынтыгныда айлана-чөйрө тазаланып, топтолгон таштандылар чогултулуп таштанды ташоочу жайга ташталды. 
 Ошондой эле ЖКККББнын башчысынын орун басары Ы.Саркулов -“ Ишенбилике келген кызматкерлердин бардыгына ыраазычылыгымды билдирем. Сиздер шаарларга, облустарга жана айылдаргы тазалыкты тартууладыңыздар. Келиңиздер жыйынтыгыда  бул  эмгегибизди сактайлы!”- деп билдирип жыйынтыкталды.