ЖКККББнын кызматкерлери унаа уурдаган жаранды изи сууй электе кармады.

ЖКККББнын кызматкерлери унаа уурдаган жаранды изи сууй электе кармады.



2024-жылдын 25-мартында болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган “Honda Odyssey”  үлгүсүндөгү авто унааны белгисиз адамдар уурдап белгисиз тарапка качып кетишкен. 


Бул факты боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында ЖКККББнын Манас жана Ош аеропортун тейлөө боюнча атайын бөлүмүнүн  кызматкерлери кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Ж. аттуу жаранды кармашып, Свердлов РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



ЖКККББнын басма сөз кызматы.