ЖКККББ: Жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү.

ЖКККББ: Жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги  жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда, жыл башынан тартып, жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарына бөгөт коюу, ошондой эле, өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.


Кеңешмеде өлкө аймагында жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлгөн “Рульда”, “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы каралып, жол кырсыктарынын өсүүсүнө жол бербөө боюнча тийиштүү иш-мерчемдерди иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды.


Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жалпы орто мектептер менен биргеликте иш алып баруу, мектептерге бекитилген кызматкерлердин ишмердүүлүгүн  көзөмөлдөө, жолдордогу кооптуу жол тилкелерин аныктап, тийиштүү жол белгилерин орнотуу  боюнча сунуштарды ишке ашыруу тапшырмалары коюлду.



Кеңешменин соңунда  өздүк курамга кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту  сактоо, ошондой эле эл арасында жол эрежелерин сактоого багытталган түшүндүрүү иштерин күчөтүү талаптары коюлду. 




ЖКККББнын Басма сөз кызматы