ИИМдин ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Джоробеков кызматкерлер менен жеринен таанышып, саптык кароо өткөрдү.

ИИМдин ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Джоробеков кызматкерлер менен жеринен таанышып, саптык кароо өткөрдү.


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков ЖКККББнын Мониторинг борборуна, Бишкек шаардык МККБнын жана Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ барып кызматкерлер менен жеринен жолукту.

ИИМдин буйругуна ылайык, жазгы-жайкы кийимге өтүү боюнча кызматкерлерге саптык кароо өткөрүп, имараттын сырткы жана ички аянтында, материалдык техникалык базасында, каржылык-чарбалык багытында,  калкты тейлөө жана сервердик кызмат көрсөтүү багытында, ошондой эле санариптештирүү тармагындагы  жасалып жаткан иштер менен жеринен таанышып, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды койду.

Ал эми, өздүк курам менен жолугушуу учурунда, ИИМдин талаптарына ылайык, эң биринчи тартип жана мыйзамдуулукту сактоону, кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болууга, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык элемменттерге жол бербөөгө,  кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүүгө жана тажрыйбасы мол кызматкерлерден насаатчылыкты дайындоого жана жалпы жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмалары койулду. 

Андан сырткары укук коргоо тармагында кызмат кылып, ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерге сый-урмат көрсөтүү, калкка кызмат кылуу, жарандардын кайрылууларын, арыз-даттанууларын өз убагында карап чыгуу менен  жалпы коомчулуктун милиция кызматкерлерине болгон көз карашын  жакшы нукка  өзгөртүү керек экендигин белгиледи.


ЖКККББнын Басма сөз кызматы