Учугум улуу болсун десең-улуулардын сөзүн ук.

Учугум улуу болсун десең-улуулардын сөзүн ук.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси  милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жол коопсуздугун камсыздоо тармагында үзүрлүү кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлер менен жолугуп, алардын акыл-насаат, кеп-кеңештерин  жана сунуш-пикирлерин укту.


Ардагерлер   төмөнкү  багыттагы сунуштарды белгилешти:


-Жол коопсуздугун камсыздоо багытында көйгөйлүү маселелерди талкуулап, күнүмдүк жумуштарды аткаруу үчүн, атайын ардагерлер бөлмөсүн бөлүп берүүнү;


-Милиция кызматкерлери менен ардагерлер ортосундагы  ажырымды бекемдеп, жаш кызматкерлерге тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчыларды   колго алууну;


-Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында башка мамлекеттик органдар менен биргеликте, жол кыймылын кординациялоо, көзөмөлдөө жана талдоо багытында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон ишмердүүлүктү жогорулатуу;


-Кызматкерлер арасындагы  тартип жана мыйзам бузуулардын алдын алуу жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуп үйрөтүү иштерин жүргүзүүнү;


-Жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерди жүргүзүү менен, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка байма-бай жеткирүү.


Жолугушуунун соңунда Жеңишбек Жоробеков ардагерлердин ЖКККББнын кызматкерлери менен жолугушуусу зарыл экендигин белгилеп,  айтылган акыл-насаат, берилген кеңештер кызматкерлер үчүн чоң таалим-тарбия болоорун айтып, ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирди.


 


ЖКККББнын Басма сөз кызматы