ЖКККББ: Бүгүндөн тартып, жол эрежелерин бузган айдоочуларга салынган кошумча туум жокко чыкты

ЖКККББ: Бүгүндөн  тартып,  жол эрежелерин бузган айдоочуларга салынган кошумча туум жокко чыкты

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына анын ичинен Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, бүгүндөн тартып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы (Укук бузуу кодексинин 177-180-беренелерине жана 182-200-беренелерге салынган айып пулдар) эреже бузууларга салынган кошумча туумдар жокко чыкты. 

Демек, буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга  айып салынып,  аны өз убагында төлөбөгөн учурда, ага карата кошумча туум кошулчу. Бүгүндөн тартып, айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги салынган айып пулду гана төлөйт.


КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы