ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 422 мас айдоочу аныкталды.

ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 422 мас айдоочу аныкталды.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 5-февралынан тартып, 11-февралга чейин, алдын ала маалыматтар боюнча өлкө аймагында 23 413 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 345 айдоочу;

-Мас абалында унаа башкарган 422 айдоочу;

-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 47 айдоочу;

-Жөө жүргүнчүлөрдүн эреже бузгандары 1526;

-Транспорт каражаттарынын эксплаутациялоо эрежелерин бузуу 3352 айдоочу;

-Автоээнбаштык жасаган 3 айдоочу;

-Ылдамдыкты ашырып айдаган 4025 айдоочу;

-Жалган мамлекеттик номур менен унаа башкарган 8 айдоочу;

-Ар кандай жол эрежелерин бузган 13 685 айдоочу;

Ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1913 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максактында   өлкө аймагынды “Бахус” аталышында рейд өтүп жаткандыгын эскертип, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.


ЖКККББнын басма сөз кызматы.