ЖКККББ: Жыл жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы бакшармалыгында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун,  башкы башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Азамат Исраиловдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.

2023-жыл ичинде ЖКККББгы тарабынан 959 895 укук бузуу протоколдору толтурулган. 
Алардын ичинен:
-Мас абалында унаа башкарган 12 640 айдоочу аныкталган;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан  3059 айдоочу аныкталган;
-Ылдамдыкты ашырып айдаган 164 848 айдоочу аныкталган;
-Автоээнбаштык кылган 358 айдоочу аныкталган;
-Тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 10 895 айдоочу аныкталган.

Ошондой эле,  2023-жылдын 1-июнунан тартып, Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо  бөлүмү тарабынан республика аймагындагы баардык автомектептер текшерилип, анын ичинен 205 мектепке эскертүүлөр берилип, ал эскертмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн 30 автомектепке тийиштүү протоколдор толтурулуп, 510 000 сом айып салынган.

Ыкчам кеңешменин соңунда, Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана  башкармалыктын башчысы Азамат Исраилов жер-жерлердеги жетекчилерге жол унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмаларды коюп, кызматкерлерден кызматтык тартипти бекем сактап, ак кызмат кылууну  эскертти.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.