Борбор калаада ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу болуп өттү

Борбор калаада ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу болуп өттү 🔵Бүгүн, 26-декабрь күнү Бишкек шаарынын эски аянтында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. 🔵Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 🔵Гарнизондук кароодо, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти.