ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жарык чагылдыруучу элемменттер таратылууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Hyundai” компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү менен биргеликте мектеп окуучуларына жолугуп,  жарык чагылдыруучу  элемменттер  таратышты.
Бул жарык чагылдыруучу элемменттер айдоочуларга  түнкүсүн жүз метр аралыкта жаркырап  даана  көрүнүп, алдыда жаш балдар бар экендигин билгизип, жол унаа кырсыктарынын алдын алууда чоң жардам берет.

Андан сырткары мектеп окуучуларына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  тарабынан жолдо өзүн-өзү алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.