ЖКККББ: 25-26-27-октябрда Чүй облусу жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет.

ЖКККББ: 25-26-27-октябрда Чүй облусу жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет.


Тагыраагы,  25-26-октябрь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны болот. Ага улай 26-27-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин премьер-министрлеринин кеңеши менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтмөкчү.


Ошого байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр  киргизилип турат.


Алар: 

- «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;


- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен  тартып,   Чүй проспектисине чейин;


-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин; 


- Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;



Ошондой эле, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.


Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.


Эскертүү: Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо кошумча маалымат берилет.


ЖКККББнын басма сөз кызматы