Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясынын биринчи курстарына сабактар өткөрүлүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу тажрайба башкармалыгынын кызматкери Музатай Байзаков жетекчиликтин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясынын биринчи курстарына жол кыймылынын эрежелерин сактоо багытында теориялык сабактарды өтүүдө.
Анда, жаш курсанттарга  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн жалпы ишмердүүлүгүн жана аткарган функцияларын тааныштырып, жол эрежелерин сактоо багытында видео тасма менен ачык лекция өткөрүп келди.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.