ЖКККББ: Кооптуу жүктөрдү ташуу менен алектенген айдоочулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин уюштурушту.

Кооптуу жүктөрдү ташыган унаалардын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында, 2020-жылдын 13-августунда Бишкек-Ош жолундагы Сосновка айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын стационардык постунда башкармалыктын кызматкерлери тарабынан, кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган айдоочулардын курамы менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелерине көңүл бурулду, анда кооптуу жүктөрдү автоунаа менен ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды, жүк ташуучунун менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жолдорунда, ошондой эле кампалардан жумуш орундарына чейин коопсуздук эрежелери каралды. Ошол эле учурда башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кооптуу жүктөрдү ташыган унааларга жана алардын айдоочуларына коопсуздук багытында кошумча талаптарды коюшту.

Ошол эле учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Жол менен кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочулар үчүн эрежелер камтылган "Буклеттер" таратылды.

2020-жылдын 14-августунда «Альтранс Логистикс» ЖЧКнын транспорт бөлүмүнүн базасында, ЖКККББнын кызматкерлери кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган ишкананын жетекчилери жана айдоочулары менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө кооптуу жүктөрдү ташыган унааларга жана алардын айдоочуларына карата коопсуздук эрежелери камтылган талаптар көтөрүлүп, айдоочуларга талаптар коюлду.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул багыттагы профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турушаарын эскертишти.