Бишкек ШИИББгы боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү Бишкек ШИИББнын КККы менен бирдикте Ош базарынын аймагында “Парковка” аталышындагы рейд өткөрүштү.

 2019-жылдын 10-апрель күнү Ош базарынын аймагында Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү Бишкек ШИИББдин Коомдук коопсуздук кызматы менен бирдикте Ош базарынын аймагында “Парковка” аталышындагы алдын алуу рейдин өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 123-1-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык 12 протокол толтурулду.

Бишкек ШИИББгы боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү жеңил автоунаанын жана жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук автобустардын айдоочуларына ЖКЭн бузбоого чакырып,  маектешишти. Аталган алдын алуу иш-чарасы Бишкек шаарынын бардык аймагында ар дайым жүргүзүлмөкчү.