ЖКККББнын бир жумалык жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана бөлүмдөрү 14 - декабрдан 20-декабрга  чейин – 16 261  жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктады.

Анын ичинен:

•             320  айдоочу тыюу салуучу жол чырагынан өткөн;

•             унаа каражатын мас абалда башкарган 232 айдоочу кармалган;

•             1221 айдоочу унаа каражатын  жогорку ылдамдыкта башкарган;

•             жол белгилерин сактабагандыгы үчүн- 2247  айдоочуга айып салынган;        

•             1307 айдоочу унаа каражатын жарык чыгаруучу приборун иштетпей айдаган;  

•             1345  айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

•             унаа каражатын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн - 4427 айдоочуга айып салынган; 

•             унаа каражатынын алдыңкы жана каптал  айнегин караңгылатуу боюнча 50  айдоочуга чара көрүлгөн;

•             уюлдук телефонун колдонуу эрежесин бузган - 3335айдоочуга айып салынган.

 

914  унаа каражаты ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн атайын унаа токтотулуучу жайга токтотулган.