Бишкек ШИИББ боюнча ЖКККБ 17 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочуну кармады

17 -сентябрда болжол менен саат 17:00до  Держинка көчөсүнөн 17 жаштагы баланы сүзүп,  из жашырып кеткен. Окуя болгон жерден чакыруу келип түшкөн.  Бишкек ШИИБ боюнча ЖКККБнын тергөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам издөөдөн айдоочу табылып Бишкек ШИИБ боюнча ЖКККБга жеткирилген. Ал Бишкек шаарынын тургуну 1984-жылы туулган  У.С.М  “Намба” фирмасынын таксист болгон.  Учурда автоунаа атайын  унаа токтотулуучу жайга токтотулуп, топтолгон маалыматтар Бишкек ШИИБнин тергөө бөлүмүнө  өткөрүлүп берилди.